АСКЕРДИК КЫЗМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК КЫЗМАТ– жарандардын куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик милдетин өтөшү. Кыргызстанда аскер жашындагы жарандардын түрдүү аскер бөлүктөрүндө кызмат кылуу тартиби, мөөнөтү 1993-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Катардагы аскер, сержанттык курамдагылар үчүн Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 1,5 жыл (2006-жылдын 1-январынан 1 жыл). Прапорщиктер, офицерлер жана генералдардын Аскердик кызматын өтөөсү жана запаста болуусу өзгөчө шарттын негизинде жүргүзүлөт. Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат өтөө менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. Аскердик кызмат ар бир кыргызстандык жаран үчүн милдет гана эмес, ошондой эле укугу да болуп эсептелет. Аскердик кзматын өтөп жатышкан ар бир жаран саясий укукка толук ээ болуп, ошондой эле аскердик бардык талапка баш ийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, Аскердик кызматын өтөөдө ар бир жаран өз чеберчилигин арттырууга, аң-сезимин көтөрүүгө, моралдык туруктуулугун бекемдөөгө тийиш.