АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ– Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнө, алардын күжүрмөн ж-а мобилизациялык даяр туруусуна, аскер кадрларынын күжүрмөн даярдыгына, аларды тандоого ж-а тарбиялоого байланышкан ж. б. маанилүү маселелер б-ча чечимдерди чыгаруучу ж-а талкуулоочу Koproo министрлигинин кеңеш берүүчү органы. Koproo министринин ж-а министрликтин жетектөөчү кызматкерлеринин (коргоо министринин орун басарлары) курамында түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү, кызмат орду б-ча анын курамына киргендерден башкасы КРдин Президенти тарабынан коргоо министринин сунушу б-ча бекитилет.