АСКЕРДИК БИЛЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматын өтөөгө чакырылгандарга же запаска (отставкага) чыгарылган жарандарга берилүүчү ж-a аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин, сержанттардын, старшиналардын, матростордун керт башын күбөлөндүрүүчү, мөөнөтү чектелбеген документ. Анда о. эле запастагы жарандардын аскер кызматына тиешелүүлүгү көрсөтүлөт. Аскер кызматындагы офицерлер м-н генералдарга керт башын күбөлөндүрүүчү күбөлүк берилет, ал эми запаска же отставкага чыккан учурда – офицерлик (генералдык) А. б. берилет.