АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ– аскердик кызматты, турмушту, андагы маселелерди чагылдырууга багытталган басма продукциясы: негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган маалымат каражаты. Аскердик басма сөз – куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун жана аскердик билимди таратуунун маанилүү куралы. Мезгилдүү (аскердик гезиттер, аскердик журналдар, мезгилдүү жыйнактар, бюллетендер жана башка) жана мезгилдүү эмес (китептер, брошюралар, баракчалар ж. б.) болуп бөлүнөт. КРде кoproo министрлигинин «Ыйык милдет» гезити чыгарылат.