АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– аскердик кызматты, турмушту, андагы маселелерди чагылдырууга багытталган басма продукциясы: негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган маалымат каражаты. А. б. с. – куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун ж-а аскердик билимди таратуунун маанилүү куралы. Мезгилдүү (аскердик гезиттер, аскердик журналдар, мезгилдүү жыйнактар, бюллетендер ж. б.) ж-а мезгилдүү эмес (китептер, брошюралар, баракчалар ж. б.) болуп бөлүнөт. КРде Koproo министрлигинин «Ыйык милдет» гезити чыгарылат.