АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК КОМИССИЯ
АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК КОМИССИЯ – куралдуу күчтөрдүн катарына дене түзүлүшү жанa акыл-эси жагынын толук жарамдуу адамдарды тан-
доочу, алардын ден-соолугуна көз салуучу аскердик медицинанын бир бөлүгү. Ал аскерге милдеттүүлөрдү, аскер кызматындагыларды медициналык жактан текшерип, аскердик бөлүктөргө бөлүүгө катышуу, дарылоо мекемелеринде жаткандардын саламаттыгын текшерип, жараксыздарды бошотуп, жарактуулардын ден соолугуна кам көрүү иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда Аскердик-врачтык комиссия ар бир райондо, шаарда, облустун борборлорунда аскер комиссариатынын карамагында уюштурулган. Алар Кыргыз Республикасынын Кoproo министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгына баш иет.