АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК – аскердик-патриоттук тарбия, чакырылуучулардын саламаттыгын чыңдоо чаралары, спорттук, дене тарбия даярдыгы, тийиштүү

Файл:АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК 94.png
Аскерге чакырылуучулардын кезектеги тобу.


программа боюнча башталгыч аскердик аракеттер. Кыргыз Республикасынын жалпы аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аскерге чейинки курактагы жана аскерге чакыруу курагындагы уландар (өндүрүштөн жана окуудан бошобостон) Аскерге чакырылууга чейинки даярдыкты жалпы билим берүү мектептеринде (9-класстан баштап), техникумдарда, кесиптик-техникалык окуу жайлардагы жана ишканалардагы машыгуу пункттарында өтүшөт.