АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ
АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ– мыйзам тарабынан белгиленген Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдет өтөөгө жарандарды чакыруу. КРдин жалпы аскердик милдеттүүлүк жөнүндөгү мыйзамына ылайык, анык аскердик кызматка чакыруу республика боюнча жылына 2 жолу өткөрүлүп, негизинен 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагы балдар чакырылат. Андан тышкары запаста, аскердик каттоодо турган жарандарды, ошондой эле аскердик абалды киргизүүдө жана согуш мезгилинде мобилизация боюнча чакыруу каралган.