АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп менен ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия жана флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия менен флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, о. эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.