АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. Аскер шаймандарына: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы ж. б. кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин Аскер шаймандарында айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.