АСКЕР УКУГУ
АСКЕР УКУГУ– Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин, аларды материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу, аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пенсия, пособиелерди дайындоо жана башка жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негизги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер жана директивалар саналат.
Т.Асанов.