АСКЕР УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР УКУГУ– КРдин куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин, аларды материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу, аскер кызматчыларына жана алар­дын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пен­сия, пособиелерди дайындоо ж. б. жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негиз­ги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер жана директивалар саналат.