АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ
АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн жана кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш жана жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу жана петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар жана башкалар), канттар жана лампастар кирет.