АСКАТАНК ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКАТАНК ТООЛОРУ (латынча Ascatancas mons) – тарыхый топоним. К. Птолемейдин (биздин замандын 2-кылымы) маалыматы боюнча Орто Азияда жайгашкан. 140° чыгыш узундук, 43° түндүк кеңдикте меридиан багытындагы Имай тоо системасынан түндүк-батышты карай 130° чыгыш узундук жана 49° түндүк кеңдикке чейин созулуп жаткан. Байыркы сак уруулары ушу тоолордун эки тарабын мекендеген. А. М. Мандельштам (1957) Аскатанкты Фергана тоо тизмегине, С. Өмүрзаков (1959) Түндүк-Батыш Teңир-Тоого туура келет деген пикирге келишкен. Бирок, байыркы топоним азыркы географиялык номенклатурада сакталган эмес. Ал «аска таг» (аска тоо) деген сөздү билдириши мүмкүн.