АСКАРИДИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКАРИДИОЗ канаттуулардын–тooк, күрп, көгүчкөндөрдүн инвазиялуу ылаңы (нематодоздор тобундагы гелъминтоздор). Митеси ичегиде жашайт, көбүнчө балапандар ылаңдайт. Ургаачы аскариданын узундугу 70–120 мм, эркегиники 26–70 мм. Ургаачысы уруктангандан кийин тооктун ичегисине жумурткасын таштайт. Жумуртка тооктун кыгы менен сыртка чыгып, 10–18 күндөн кийин личинка пайда болот да, инвазиялуу болуп калат. Жумуртка жем, суу менен тооктун ичине кирип, андан личинка чыгат да, ичегинин былжыр челине өтүп, 17-18 күндөн кийин чоң гельминтке айланат. Ылаңдуу балапан арыктап, алы катет, жакшы чоңойбойт. Дарылоодо пиперазин сульфаты,фенотиазин колдонулат. Хлорофос 50–80 мг/кг, гигромицин-Б кошуп берилет.