АСКАЛАРДАГЫ ЖАЗУУ-ЧИЙМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКАЛАРДАГЫ ЖАЗУУ-ЧИЙМЕЛЕР, петроглифтер – үңкүрлөрдүн боорунда, аскаларга, таштарга түшүрүлгөн байыркы сүрөттөр, оймо-чиймелер; палеолит доорунан адепки орто кылымга чейинки адамзат коомунун тарыхынын ар түрдүү доорлоруна таандык эстеликтер. Эң байыркы сүрөттөр (палеолитке тиешелүү) Испаниянын түндүгүндөгү Альтамира, Кастильо, Франциянын түштүгүндөгү Комбарель, Ласко жана башка үңкүрлөрүнөн, Урал, Кавказ тоолорунан, Сибирден, Кыргызстанда неолит дооруна (жаңы таш доору) таандык эстеликтер Сары-Жаздагы Ак-Чуңкур үңкүрүнөн (Ысык-Көл өрөөнү), Нарындагы Теке-Секирик үңкүрүнөн, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун өңүрүнөн, Чолпон-Атанын жанынан, Фергана тоо кыркасындагы Көгарт менен Ообек ашууларынын аралыгында жайгашкан Саймалы-Таш деген жерден табылган. Алгач тоо текелердин, куландардын, жырткыч жаныбарлардын, кийинчерээк аңчылык, ырым-жырымдарды аткаруу жөрөлгөлөрү чагылдырылган сүрөттөр тартылган. Аскалардагы сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы адамдардын рухий турмушун изилдөөдө өтө баалуу булак катары пайдаланылат.