АСИНХРОН РЕЖИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСИНХРОН РЕЖИМИ (Asynchronous mode-Асинхронный режим). Бул режимде маалыматтар убакыттын туура эмес интервалында, башкача айтканда берилиштер киргизилгенине жараша бирден байт менен айрым айрым жиберилип турат. Байттын башын жана аягын айырмалаш үчүн баштоочу жана аяктоочу биттер колдонулат. Айрым учурда жиберүүдө кетирилген катаны текшерүү үчүн кошумча бит байттын аягына кошулат, себеби жиберүү учурунда айрым биттер өзгөрүлүп калышы мүмкүн. Бир учурда бир байт жиберилгендиктен асинхрондук режим салыштырмалуу жай, ошол себептен, ал аз сандагы берилиштерди жиберүүдө колдонулат.


Файл:АСИНХРОН РЕЖИМИ.jpg