АСИКАГА
АСИКАГА– Япониянын орто кылымдагы аскердик-феодалдык башкаруучулары – сегундарынын 2-династиясы (1335–1573). Асикагалардын бийлиги жергиликтүү княздардын (дайме) күч алуусунан улам бекем болгон эмес. 15-кылымдын ортосунан башталган ич ара феодалдык согуштардын натыйжасында өлкөдө бир нече өз алдынча княздыктар түзүлүп, Асикагалардын бийлиги алсыраган. Алардын акыркы сегунун Нобунага Ода (1534–1582) бийликтен кулаткан.