АСИКАГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСИКАГА– Япониянын орто кылымдагы аскердик-феодалдык башкаруучулары – сегундарынын династиясы (1335–1573). Асикагалардын бийлиги жергиликтүү княздардын (дайме) күч алуусунан улам бекем болгон эмес. 15-кылымдын ортосунан башталган ич ара феодалдык согуштардын натыйжасында өлкөдө бир нече өз алдынча княздыктар түзүлүп, Асикагалардын бийлиги алсыраган. Алардын акыркы сегунун Нобунага Ода (1534–82) бийликтен кулаткан.