АСБЕСТОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСБЕСТОС кени, Ж е ф ф р и – Канададагы ири асбест кени. Квебек провинциясында. 1881-жылдан жер үстүнөн ачылып, 1890-жылдан ачык казып алынат. Хризотил-асбесттин чалгындалган запасы 5 млн тдан ашык. Аппалачи тоолорунун түндүк-чыгыш тармактарында, серпентиндүү алкактын түштүк-чыгыш учунда жайгашкан. Кен гидротермдик апоультрамафит тибине кирет. Кен хризотил-асбестин тарамчалары бар серпентиндешкен перидотит интрузиясы түрүндө жатат. Тарамчалардын калыңдыгы 10–100 мм, узундугу бир нече мге жетет. 3–7 сорту өндүрүлүп, анын 90%и асбест-цемент өнөр жайында пайдаланылат.