АСАНОВ ДАЙЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНОВ Дайыр [30. 05. 1922, Түркстан АССРи, Пишпек уезди (азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы – 18. 09. 2009, Бишкек)] – Советтер Союзунун Баатыры (26. 10. 1943; Алтын Жылдыз №2645), генерал-майор (1994). Ульяновскидеги танкалык окуу жайын (1945), Ташкент шаарындагы танкисттердин жогорку окуу жайын (1947), Москвадагы В. И. Ленин атындагы аскердик-саясий академияны (1956) бүтүргөн. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы сержант Д. Асанов Пятницк кыштагы (Харьков облусу, Чугуев району) үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда ал немецтердин 8 танкасын жана 6 бронетранспортерун, ошол эле жылы Миргород шаарын бошотууда душмандын ок-дары жүктөлгөн 5 автомашинасын жана 20 жөө солдатын жок кылган. 1945-жылы танк взводунун рота командири, 1958–1961-жылдары Кыргыз ССР аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист, 1961–1970-жылдары Токмок шаардык, 1970–1984-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин райондук аскер комиссары,

Файл:АСАНОВ Дайыр 77.png


1985-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин директору болуп иштеген. 2001-жылдан Бишкек шаардык согуш, эмгек жанa куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы. Кыргыз CCP Жогорку Советинин (1951-1955) депутаты. Асанов – «Военно-патриотическое воспитание молодежи» (Ф., 1976), «Ради жизни на земле» (Б., 2002), «Святой долг и призвание командира» (Б., 2006) аттуу эскерүү китептеринин автору. Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине 2005-жылы Асановдун ысмы ыйгарылган. Ленин, эки 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 4 Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас»(2000) ордендери жaна медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.