АСАНБЕКОВ Төлөнбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНБЕКОВ Төлөнбай (1925, Нарын обл., АкТалаа р-ну, Коңорчок кыш. – 1998, ошол эле жерде) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Ак-Талаа р-нундагы Ленин атн. колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-ж. фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин ж. б. ордендер м-н сыйланган.

Файл:АСАНБЕКОВ 73.png