АСАНБАЕВ Мамбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:43, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНБАЕВ Мамбет (1939-ж. т., Чүй обл., Coкулук р-ну, Жал айылы) – артист, КРдин эл артисти (1995). А. Н. Островский атындагы Ташкент театр искусство институтун бүткөн (1964). Чыгармачылык жолу «Кыргызфильм» киностудиясында башталган. 1964-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенүүдө.. Аткарган негизги ролдору: Масадык («Абийир кечирбейт», Т. Абдумомунов), Эдмунд («Король Лир», У. Шекспир), Аман («Каркыралар кайтканда», Т. Абдумомунов), Александр («Үй-бүлө», И. Попов), Typap («Алтын аяк», Б. Жакиев), Ромео («Ромео жана Джульетта», У. Шекспир), Дубана («Ак боз ат», Ш. Садыбакасов), Дзержинский

Файл:АСАНБАЕВ 72.png


(«Кремль куранттары», Н. Погодин), Синтаро («Аялдын өмүрү», М. Kaoру), Айылчиев («Тагдырдын өгөй балдары», Б. Өмүралиев), Кыргылчал («Манастын уулу Ceметей», Ж. Садыков), Осмонбек болуш («Токтогул», Т. Касымбеков) ж. б. Киного да тартылган: Жоро («Жоро», реж. А. С. Бергункер) ж. б.