АРЬЕРСЦЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЬЕРСЦЕНА – сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы жана декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр жана жарык берүүчү аппаратура орнотулат.