АРЬЕРСЦЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЬЕРСЦЕНА – сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы ж-а декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр ж-а жарык берүүчү аппаратура орнотулат.