АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-ж. т., Москва ш.) – киноактриса, РСФСРдин эл арт. (1998), Казакстандын эмг. сиң. арт.
. Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук ф-тин (1974) бүткөн. Кино ишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу м-н баштаган. «Биринчи мугалим» (реж. А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм м-н психол. кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (реж. И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (реж. Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. А. СССР Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1978).