АРЫКТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЫКТОО , дистрофия– организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болгон патологиялык абал. Арыктоо организмдин ашыкча иштешинен, сапатсыз же жетишсиз тамактануусунан жанa ар кандай оорунун кесепетинен болот. Адамдын организминде зат алмашуунун натыйжасында көп энергия пайда болуп, анын бир бөлүгү тиричилик үчүн пайдаланылса, калган бөлүгү запаска сакталат. Бул запас энергия АТФ (аденозинтрифосфат) түрүндө болот. Организмде АТФнын запасы өз убагында толукталбай, азайып кетишинен органдардын кызматы начарлап, адам арыктайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт.