АРЫК-БУКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:27, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЫК-БУКА (туулган жылы белгисиз – 1265/66) – монгол башкаруучусу. Чынгыз хандын уулу Тулуйдун он баласынын алтынчысы (Муңкэ, Хубилай, Хулагу, Арык Бука ж. б.). Улуу хан Муңкэнин (1251-1259) тушунда кыргыздар жашаган Саян Алтай, Монгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо аймактары Арык-Буканын башкаруусу алдында болгон. Муңкэ хан өлгөндөн кийин (1259), бүткүл монголдук тактыны ээлөө үчүн Муңке хандын бир туугандары Арык-Бука менен Хубилайдын ортосунда күрөш жүргөн. 1260–1264-жылдары хандык тактыны убактылуу ээлеген Арык-Бука ушул эле мезгилде Кытайда бийликке келген Хубилай менен Чагатай улусун ээлөө үчүн күрөш баштаган. 1260-жылы күзүндө Хубилайдан жеңилип, анын аскерлери кыргыздардын аймагына качып келген. 1262-жылы Арык-Бука өз аймагындагы элдерден, анын ичинде кыргыздардан түзүлгөн кошуунга таянып, Теңир-Тоодогу Чагатай улусунун башкаруучусу Алгуга (Чагатайдын небереси) каршы жортуул жасаган. 1264-жылы Арык-Бука Кытайда монголдук Юан династиясын негиздеген Хубилай ханга (1260-1294-жылдар) баш ийээрин билдирген. 1266-жылы дүйнөдөн кайткан. Ушул доордон тартып чыгыштагы (Түштүк Сибирь, Монгол Алтайы) кыргыздар Юан династиясына (1260–1368-жылдар) карап калышкан, ал эми батыштагы Теңир-Тоо аймагы 1269-жылдан Хайду мамлекетине караган.
Т. Жуманалиев.