АРЧАЛЫ суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын районунун аймагында. Узундугу 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түндүк капталындагы аты окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызыл-Киндик, Шор-Төр, Эгиз-Төр, Кара-Төр (сол), Борду, Туюк, Кызыл-Суу, Өрттөнгөн-Төр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 4,1 м3/сек, Май-июнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.