АРЧАЛЫ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Байтик айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 30 км түштүк-батыш тарапта, Пишпек темир жол бекетинен 20 км. 1907-ж. отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2132 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар.