АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ – Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Арчалы суусунун боюнда. 1982-ж. табылган. Кен Арчалы гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид щётка жана друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоо тектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен 120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/тны түзөт. Кондициялык демантоиддин болжолдуу ресурсу №6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.