АРЧА-КОНУШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– Алай кырка тоосуна Коллектор кырка тоосу тутумдашкан жердеги татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Исфайрам-Сай суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,1 км, аянты 5,4 км2, көлөмү 0,40 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляциясынын аянты 2,8 км2. Мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Сүрмө-Таш суусунун (Исфайрам-Сайдын сол курамы) жогорку агымы – Арча-Конуш башталат.