АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ – пейзаж жанрынын бир түрү; табигый чөйрөдө, живопись менен графикада чыныгы же элестетилген архитектуранын сүрөттөлүп берилиши. Архитектуралык пейзажда архитектура менен жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба жана линиялык перспектива чоң роль ойнойт. Архитектуралык пейзажда ведута деп аталган 18-кылымдагы перспективалык көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мисалы, Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто, Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев). Буга антика жана орто кылым урандылары тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар жана вилла, чарбак, парк ансамблдери кирет. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн М. Өмүркуловдун «Совет аянты», У. Ахуновдун «Ижор заводу. Ленинград», «Шахимардан», А. Турумбековдун «Кечки Ленинград» ж. б. сүрөттөрү мисал.

Файл:АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ 64.png
У. Ахунов. Чор-Минор мечити.