АРХИПОВА Ирина Константиновна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 11 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИПОВА Ирина Константиновна (02. 01. 1925-жыл, Москва шаары – 11. 02. 2010-жыл, Москва шаары) – орус опера ырчысы (меццо-сопрано), СССР эл артисти (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Москва архитектура институтун (1948), Москва консерваториясын (1953) бүтүргөн. 1956–1988-жылдары Чоң театрдын (Москва) ырчы-солисти. Анын репертуарында 28ден ашык опералык партия бар (Бизенин «Карменинде» – Кармен, Вердинин «Аидасында» – Амперис, Прокофьевдин «Согуш жана тынчтыгында» – Элен жана башкалар). Жеке концерттерге да чыккан. Чет мамлекеттерде, ошондой эле Кыргызстанда гастролдо болгон.

Файл:АРХИПОВА 44.png