АРХИПЕЛАГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИПЕЛАГ, т о п а р а л – бири-бирине жакын жайгашкан, жалпысынан бирдиктүү аралдар тобу. Мындагы аралдар пайда болуу шарттары жанa геологиялык түзүлүшү боюнча окшош келет. Архипелаг материктен бөлүнүп калышынан (Канадалык Арктика архипелагы), кораллдан (Маршалл аралы) жанa жанар тоонун атылышынан (Гавайи аралы) пайда болушу мүмкүн.