АРХИЕПИСКОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(архи... ж-а епископ) – жогорку мартабалуу диний титул; христиандык чиркөө иерархиясындагы жогорку (3-чү) даражадагы дин кызматкери. Автокефалдык ж-а автоном чиркөөлөрдүн өкүлдөрүнө тиешелүү. Россия православ чиркөөсүндө митрополиттен төмөн. Адабияттарда алгач А. титулу 4-к-дынорто чендеринде кездешет. Епископ Милетий Ли-копольский ыйык Александр Александрийскийди А. деп атайт. 5-к-дан А. аталышы кеңирикездеше баштаган. Патриархаттардын түзүлүшү м-н автокефалдык чиркөөлөрдүн башкаруучулары ж-а епископторду патриарх же папа титулу м-нкатар эле А. деп атай башташкан. 21-к-да Константинополь (Жаңы Рим архиепискобу), Грузия (Мцхет ж-а Тбилиси архиепискобу), Сербия (Печьархиепискобу) ж-а Румыниянын (Бухарест архиепискобу) патриархтары А. титулуна ээ.