АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– адам баласынын турак жайлары (алгачкы адамдардын турагы, алар жашаган үңкүрлөр, кийинки доорлордогу кыштакчалар, шаар калдыктары), колдонгон буюмдары (эмгек ж-а согуш куралдары, кийим-кече калдыктары, ат жабдыктары, идиштер), өндүрүш ишмердигин чагылдырган жерлер (кол өнөрчүлүк, тоо-кен ишканалары), көркөм өнөрүн чагылдырган эстеликтер (кооздук буюмдары, аска таш бетине, териге, металлга түшүрүлгөн сүрөт-оюулары), өлгөн адамдын сөөгү коюлган жерлер, маркумга тургузулган эстеликтер (көрүстөндөр, күмбөздөр, балбалдар, кенотафтар, менгирлер), диний ырым-жырымдар аткарылуучу жерлер (храм, мазар, мечит), эпиграфикалык эстеликтер (ташка, жыгачка, металлга ж. б. түшүрүлгөн жазуулар), нумизматикалык табылгалар (тыйындар), атайын жерге көмүлгөн кенчтер ж. б. Алар археол. маданий катмарда сакталат. Кырг-нда А. э-дин бардык түрү кездешет.
К. Табалдиев.