АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР– белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин жана алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. Археологиялык карталар эстеликтердин же археологиялык маданияттын айрым түрлөрү боюнча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы Археологиялык карталар түзүлөт. Кыргызстанда кээ бир райондор боюнча Археологиялык карталарды анын ичинде Бернштам, А. К. Kuбиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский ж. б. адистер түзүп чыгышкан.