АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУЛАР– адамзат коомунун чарбасын, маданиятын, үрп-адатын тарыхый изилдөө максатында тургун жайларды, көрүстөндөрдү, шаар урандыларын, адамдар жашаган жердин байыркы маданий катмарларын иликтөө боюнча жүргүзүлгөн иштер. Археологиялык казууларды атайын археологиялык мекемелер (илим-изилдөө институттары, университеттердин археологиялык кафедралары, музейлер ж. б.) жүргүзөт. Археологиялык казуулар жана изилдөөлөр KP УИАнын тарых институту тарабынан берилүүчү "Ачык барак» («Открытый лист») деген документтин негизинде ишке ашырылат. Археологиялык казуулар кеңири аянтта жүргүзүлүп, ар бир чарчы метр жер өтө кылдаттык менен казылат. Археологиялык казуулар мезгилинде табылган буюмдарды так жана туура каттоо (жазуу, сүрөткө тартуу, сызуу ж. б.) талап кылынат. Негизинен маданий катмар, курулмалар, адамдардын жана жаныбарлардын сөөктөрү, өсүмдүктөрдүн жана дандын калдыктары изилденет. Кыргызстанда Археологиялык казуу иштери 19-кылымдын аягында башталган (к. Археология).