АРХАНТРОПТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХАНТРОПТОР (гр. archaios – байыркы, anthropos – адам) – казылып алынган байыркы адамдар. Антропологияда адамдын эволюциясынын баштапкы баскычы да ушул термин менен берилет. Ал палеонтроптордун келип чыгышына алып келген. Аларга питекантроптор, синантроптор, атлантроптор, гейделберг адамдары ж. б. кирет. Архантроптордун сөөк калдыктары Азия, Европа, Африканын ортоңку плейстоценинен белгилүү. Баш сөөгү кууш жана жөнөкөй белгилери менен мүнөздөлөт. Мергенчилик жана өсүмдүк чогултуу менен алектенишкен. Архантроптор таштан эмгек куралдарын жасап, байыркы адамдардын үйүрүн түзүп жашашкан.