АРХАНТРОПТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХАНТРОПТОР(гр. archaios – байыркы, anthropos – адам) – казылып алынган байыркы адамдар. Антропологияда адамдын эволюциясынын баштапкы баскычы да ушул термин менен берилет. Ал палеонтроптордун келип чыгышына алып келген. Аларга питекантроптор, синантроптор, атлантроптор, гейделберг адамдары ж. б. кирет. А-дун сөөк калдыктары Азия, Европа, Африканын ортоңку плейстоценинен белгилүү. Баш сөөгү кууш жана жөнөкөй белгилери менен мүнөздөлөт. Мергенчилик жана өсүмдүк чогултуу менен алектенишкен. А. таштан эмгек куралдарын жасап, байыркы адамдардын үйүрүн түзүп жашашкан.