АРУЗ, а р у д

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:37, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРУЗ, а р у д (ар.) – түрк тилдеринде сүйлөгөн калктардын классикалык поэзиясында, ошондой эле араб-фарсы адабиятында тараган ыр түзүлүшү. Бул түзүлүштөгү ырлар узун ж-а кыска муундардын кезектешип алмашуусуна, ошондой эле саптагы муундардын сапатына ж-а чен-өлчөмүнө негизделет.
Аруз м-н жазылган алгачкы чыгармалардын бири – Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» дидактикалык дастаны. Аруз ар элде өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, «араб арузу», «фарсы арузу»,«түрк арузу» деп жиктелет. Ал Жами, Навои, Хафиз, Саади, Бабур, Махтумкули, Низами ж. б. классиктердин ыр жазуу системасына айланган.