АРТИКЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИКЛЬ (лат. artikulus, фр. article) – бир катар индевропа, семит жана башка айрым тилдерде дифференциялоочу кызматчы сөз. Зат атоочту жандап жүрөт жана аныктык же аныксыздык, теги (род), сан, жөндөмө грамматикалык категорияларынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Англис тилиндеги артикль зат атоочту атоочу жана тактоочу деп эки топко бөлөт. Немец тилиндеги артикль заттардын тегин ажыратуу үчүн да колдонулат. Ал эми француз тилиндеги артикль заттардын санын билдирет (мис., англ. the, а; нем. der, die, das, ein, eine; фр. le, la, les, un, une, des). Кыргыз тилинде артикль жок.