АРТИКЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИКЛЬ (лат. artikulus, фр. article) – бир катар индевропа, семит ж-а башка айрым тилдерде дифференциациялоочу кызматчы сөз. Зат атоочту жандап жүрөт ж-а аныктык же аныксыздык, теги (род), сан, жөндөмө граммат. категорияларынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Англис тилиндеги А. зат атоочту атоочу ж-а тактоочу деп эки топко бөлөт. Немец тилиндеги А. заттардын тегин ажыратуу үчүн да колдонулат. Ал эми француз тилиндеги А. заттардын санын билдирет (мис., англ. the, а; нем. der, die, das, ein, eine; фр. le, la, les, un, une, des). Кыргыз тилинде А. жок.