АРТЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕРИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. А-тин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган А. жугуштуу оору менен (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү А. абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага. учурайт. Өнөкөт А. туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.