АРТЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕРИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. А-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган А. жугуштуу оору м-н (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги ж-а булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү А. абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага. учурайт. Өнөкөт А. туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.