АРТЕМИДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕМИДА– байыркы грек мифологиясындагы кудай аял; Зевс менен Летонун кызы, Аполлондун эгизи. Алгач Артемида – түшүмдүн кудайы, жан-жаныбарлардын жана аңчылыктын, айдын пири болсо, кийинчерээк пакизалыктын, ошондой эле амазонкалардын колдоочусу жана кош бойлуулардын пири болуп эсептелет. Аны сүрөтчүлөр, скульпторлор чыгармаларында, көбүнесе ажайып сулуу аңчы кыз катары жаа-жебелери же айдын пири катары башында жарым ай, колунда факели менен чагылдырышкан. Байыркы Рим мифологиясында Артемиданы Диана деп беришет.