АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:42, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ Бабаш-Ата кырка тоосундагы Арстанбап (Кара-Үңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Ош обл-нун Базар-Коргон р-нунда. Арстанбап кыш-на жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң ж-a Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң

шаркыратманын жалпы бийикт.

Файл:АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ 30.png
Арстанбап шаркыратмасы.


200 мдей, үч баскычтан турат. Cyy аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат; бийикт. 20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Acкалардын бети жашыл эңилчектер м-н капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмө-жемиш токою ж. б.) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

С. Байгуттиев.