АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ– 16–18-к-га таандык археол. эстелик. Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөз узун төрт бурчтук түрүндө курулган. Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөрү бар. Эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. А. к. О. Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.