АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 16 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– 16–18-к-га таандык археол. эстелик. Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөз узун төрт бурчтук түрүндө курулган. Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөрү бар. Эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. А. к. О. Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.